Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions Тил душманы - "киргиздер" - Wikipedia

Тил душманы - "киргиздер"

Wikipedia дан


 Түз байланыш


Ташбоо ЖУМАГУЛОВ
КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы:
"Тил душманы - "киргиздер"
Тил - элибиздин көкүрөгүн көктөп, жүрөгүн эзген улуттук көйгөйгө айланганын дагы бир жолу баамдадым. Буга "Түз байланышка" тынбай чалган окурмандардын тынчсыздануусу себеп. Айтор, эки саат бою Ташбоо Рахманбердиевич бир чыны чай ууртаганга чолоосу тийбей, тил деп күйгөн патриот уул-кыздарыбыз менен маектешти. Көп эле "Түз байланышка" күбө болдук эле, бирок тил үчүн жанын сабап, телефондун жаагын айрыган бу "Түз байланыш" рекорд койду. Проблемасы, көйгөйү, суроосу көп окурмандардын көбү убакыт бүтүп калган соң да чалып, өкүттө калышты.

( Жаныбек Жанызак, журналист: - Апрелде компьютерге кыргыз баскычтарын орнотуу боюнча кароо-сынак жарыялайм дедиңиз эле, бирок жакында кырк миң компьютерге тамга КИД киргиздик деп атасыз. Сөзүңүз эки ача чыккан жокпу, же тилге да коррупция кирдиби?

- Жок, эч кандай коррупция жок. Биз мындай деп чечтик, июлда өкмөттүк жыйында биринчи жолу мамлекеттик тилдин акыбалы боюнча маселе каралат, азыр токтом даярдап атабыз. Токтомдун бир пунктуна сен көтөргөн маселени киргизебиз да, анан тендер жарыялайбыз. Эң мыкты программа деп конкурс уюштуруп, 1-сентябрга чейин өткөрүп, жеңгендикин республиканын бүткүл компьютерине сунуш кылабыз. Ага чейин жөн тургуча, тамга КИД кирип, кыргызча сөздөр туура жазыла берсин дедик. Эми Жаныбектикин киргизебиз деп күтүп отурбайбыз да. Эл кат менен кайрылып, тамга КИД программасын жакшы кабыл алып, бизге орнотуп бергиле деп өтүнүп, суранышты.

( Аскар Айдаралиев (Бишкек): - Тил боюнча мыйзамда жазылган, бардык жерде көрнөк-жарнактар чоң тамга менен биринчи кыргызча жазылып, анан башка тилде жазылсын деп. Бардык жерде ушундай, маселен, Кытайда кытайча балтайта жазып, анан уйгурча ортосуна, аягына бүжүрөтүп кыргызча жазышат. А бизде тескерисинче. Биз эмне, Америкада, Кытайда, же Орусияда жашайбызбы?

- Мыйзамдын 27-29-беренесинде ушул жөнүндө ачык, даана жазылган, мындан эки жыл мурун бардык көрнөк-жарнактар расмий түрдө жазылган болчу. Бүгүн кудайга шүгүр, 3600дөн ашык көрнөк-жарнактын 90 пайызы кыргызча жазылды. Бишкек мэриясы менен кеңешип, кыргызча вариантын биз текшерип, көзөмөлдөп, уруксат бермейинче илинбесин деген чечимге келип, 13 кишиден турган котормочулар тобун түздүк. Алар которгон эң жакшы гана вариантына уруксат берип атабыз. Бирок тилекке каршы, Бишкектеги 41 көрнөк-жарнак агенттигинин директорлору, кээде уурданып түнкүсүн иле коюп атышат. Алар кыргызча которуп, жаздырганды ашыкча чыгым катары эсептешет. Биз көрүп калсак, же эл айтса барып алдыртып, кыйнап кыргызча жаздырып атабыз. Жакында Бишкек мэриясы менен бир айда эки жолу биргелешип рейдге чыгалы дедик, кайсы жерде көрнөк-жарнак расмий тилде жазылып турса, аны алабыз. Катуу көзөмөлгө алып, сөзмө-сөз которуп атасыңар деп котормонун сапатына, маанисине көңүл бурабыз.
- Бишкектеги кафе, дүкөндүн аттары бир укмуш, кудум Голливуд, Аризона болуп баратабыз. Эмне, алар "Санта Клаус", "Санта Мария", "Адриатика" дебей эле кыргызча ат коюшса бирдеме болобу? Ушуну минюст менен биргелешип көзөмөлгө алсаңар болобу?
- Биз ушу маселе боюнча тарых музейинде жыйын өткөрүп, баарын чакырдык. Көрсө, булар минюсттан каалаган атын коюп каттоодон өтө берет экен. Аларга айтсак, "адам укугун бузганга акыбыз жок, өзү каалаган ат коюп атса, биз кантип кыргызча кыл демек элек" дешти. Анан минюст менен мындай келиштик: эгер каттоодон өтөм деп башка ат менен келсе, 15 мүнөткө тил комиссиясына жибериңиз, акча төлөсө эле жанталашып сертификатын бере койбой деп. Бизге келсе кыргызча ат койгонго ынандырып, көндүрөбүз. Өткөндө бир кыргыз жигит кафесине "Каир" деген ат коюп келиптир, биз: "Эмне, Каирде туулуп-өстүңбү, же иштедиң беле? Туугандарың барбы?" десек, "жок, мага жагат" дейт. "Сен андан көрө чоң атаңдын, урууңдун, уул-кызыңдын, ашып кетсе айылыңдын жакшынакай кыргызча атын кой" десек, ынанып, туулуп-өскөн айылынын атын койду. "Эмне, Каир же Санта Клаус десең эле эл жыйылып калабы?" дедик. Тилекке каршы, Бишкектеги кафе, дүкөндөрдүн ээлери Нарындан, Көлдөн, Оштон, Таластан келген жигиттер. Акыл, ой жүгүртүүлөрүнө таңгалам. Эми минюст, монополиялык комитет менен биргелешип иштейли деп келишим түзүп атабыз.

( Бакыт Анарбаев (Бишкек): - "Тил кербенин" уюштуруп, абдан жакшы иш жасадыңыз. Сизге эл ыраазы. Ушул "Тил кербенинин" пайдасы кандай да, зыяны кандай? Бирок, "балык башынан сасыйт, аягынан тазаланат" дегендей, бийлик башындагылар баскан-турган жеринде орусча сүйлөйт, кыргызча сүйлөсө бирөө бирдеме дейби?

- 5557 чакырым жол басып, 47 жерде жолугушуу уюштурдук, же болбосо 27 район, 7 облус борбору, 13 шаарда болуп 65 миң адам менен жолуктук. "Тил кербенине" чыкканыбызга өзүбүз да ыраазыбыз. Зыянына караганда пайдасы көп болду. Элдин талабын, сунушун, кеп-кеңешин, көйгөйүн уктук, эл - акылман. Ушуларды топтоп туруп июлдун аягында тарыхта биринчи жолу "мамлекеттик тилдин абалы, эртеңки келечеги" деген маселени өкмөттүк жыйында көтөрүп чыгабыз. "Тил кербенинде" эл "эмне үчүн жетекчилер, депутаттар расмий тилде сүйлөшөт да, мыйзамдар расмий тилде даярдалат?" деп суроо беришти. Баарын топтоп, жыйынтыктап, жалпылап, президент Курманбек Салиевичке, андан кийин премьер-министр Феликс Шаршенбаевичке кирип баяндап бердим. Буюрса, бүгүн-эртең ЖК төрагасынын кабыл алуусунда болом.
- Президент, премьер-министрге тил боюнча таккесе айта алдыңызбы?
- "Эл талап кылып атат, сиздер дайым расмий тилде сүйлөйсүздөр" десем, а кишилер кандайдыр бир деңгээлде мойнуна алышты. "Колдон келсе кыргызча сүйлөөгө аракет кылып атабыз, айрым учурда кыргызча түшүнбөгөн кишилер отуруп калганда расмий тилде сүйлөшкө туура келет" деп жооп беришти.
- Президент иш кагаздарын кыргыз тилине өтүүсүнө каршы болгонуна кандай карайсыз?
- Биринчиден, президент өлкө жетекчиси, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт. Ошо кезде президент эң туура жооп берди, себеби ага кыргыз тилин билбеген калктын коопсузданганын, алардын Кыргызстандан чыгып кетүүгө дилгирленгенин орус депутат аркылуу билдиришти. Президент "бүгүн-эртең кыргыз тилине өтүп кете албайбыз, акырындык менен болот, коопсузданбай эле коюңуздар" деди. Демек, а киши мамлекет кызыкчылыгын көздөдү деп ойлойм.
- Жакында президент Казакстанга барып орусча сүйлөдү эле, Нуракебиз коркпой-үркпөй эле казакча катырды го?
- Эми ал жерде да көптөгөн чет элдик журналисттер турду, алар кыргыз тилин түшүнбөйт деген ойдо эларалык тилде жооп берди окшойт.

( Асия Садыкова (Бишкек): - Кайра куруу келгени тилде башаламандык. Тилчилер "бөрк ал десе баш алып", которгула десе, аңтар-теңтер кылып таштады. Башка элден келген сөздөрдү, мисалы, инженерди - кыбачы, революцияны - ыңкылап деп которгон не деген шумдук? Биз орус тилин жерип каякка барабыз? Россия болбосо талаада калабыз. Орус тилине деле көп сөздөр англис тилинен кирген. Ушу илимий терминдерди ыгы жок которгонду койбойсуздарбы?

- Россия болбосо кыргыз эли талаада калат деген сөзүңүзгө такыр кошула албайм. 2200 жыл жашаган кыргыз калкы дагы 2200 жыл жашайт. Эч качан талаада калбайбыз, ал эми илимий терминдерди ж.б. сөздөрдү обужок которуу дегениңизге кошулам. Себеби, сөз кайсы жерде жаралса, ошол сөздү башка элге которуп кереги жок, ошол боюнча кириши керек. Бүгүнкү күндө К.Тыныстанов атабыз 12 жыл чогулткан 66 миң нукура кыргыздын сөзү бар. Бирок кыргыз тилинде 97 миң сөз бар, 35 миң сөз сырттан келген сөз. Ошо менен биздин тил байып атат. Телевизорду, телефонду эмне үчүн которушубуз керек, аны биз ойлоп тапкан эмеспиз да. Мына, казак туугандар вертолетту - тик ушак, пианинону - күү сандык деп которушуптур. Мен "мунуңар туура эмес, бул сөздү казактар тапкан эмес" деп айттым. 66 миң сөзүбүз өзүбүзгө жетет. Сырттан келген сөз ошол бойдон калганы туура. Ушу багытта улуттук комиссия 23 адамдан турган терминком түздүк. "Кыргыздын сөзүнө окшош, тектеш сөздөр болсо кабыл алалы, андай болбосо элди кыйнап, башын айлантпайлы" дедик. Буюрса, жыл аягына чейин 97 миң сөздөн турган кыргыздын орфографиялык сөздүгүн чыгарабыз.
- Өзүм математикмин, бирок кыргыз тилинин эрежелерин жетик билем, мугалим жетишпегенинен башталгыч класстарга орус тилден сабак берем. Сыртбай Мусаевдин китеби менен окутабыз. Бу киши Акаев доорунда ойдон-тоодон алып китеп жазган экен, абдан татаал, түшүнүксүз. Ушу китепти окуу программасынан алып салып, тилчилер жакшы китеп жазып берсеңер болот эле.
- Бу маселе менен кабардармын, тил комиссиясына орус тилдүү ата-энелер арызданып келишкен, телевидениеден интервью беришиптир. Биз Бишкек шаарындагы орус мектептерде мамлекеттик тилден сабак берген мугалимдерди, билим берүү академиясынан жана китептин авторлорун чогултуп, ийри олтуруп, түз кеңешип, аябай талкууга алдык. Авторлор катачылыктарын моюндарына алышты. Азыр орус мектептерине кыргыз тили китептери үчүн чоң конкурс жарыяланды. Президент ошо китептерди чыгаруу боюнча 100 млн. акча бөлүп берди. Буюрса, окуу китептери кайрадан каралат.
- Тил реформасы болгондо Акаев биртоп акча бөлүп, академик Бүбүйна эжекебиз баштаган биртоп тилчилер тилибизди каалагандай жиликтеп, устукандашты. Мисалы, Ысык-Көл деген сөз эки маанини түшүндүрсө, биз аны зордуктап бириктирип жазып атабыз. Эми ушул маселеге көңүл буруп, тилдин жазуу эрежесин оңдоп чыгууга болобу? Эки маанини түшүндүргөн сөздөр тире аркылуу жазылышын каалайбыз.
- Жаңы кыргыз орфографиясы шашылыш түрдө, коомчулукта талкууланбай, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынып, өкмөттүн токтому менен бекип калыптыр. Кааласак-каалабасак да, мыйзамды, токтомду аткарышыбыз керек, а чынында коомчулук жакшы кабыл албай атат. Атургай тилчилер эки топко бөлүнүп, карама-каршылык көп. Эми буга чекит койбосок болбойт. Ошон үчүн улуттук тил комиссиясы август айында чоң илимий конференция өткөрүп, бир жыйынтыкка келели деп атабыз. Антпесек болбойт, же толугу менен өтөлү, же бу мыйзамга оңдоп-түзөө, өзгөртүү киригизели. "Тил кербенинде" ушу маселе абдан катуу көтөрүлдү.

( Толкунбек Макеев (Бишкек): - Эмне үчүн алыскы Атбашы, Баткенге барган орус орусча ээн-эркин сүйлөп, а айылдан келген кыргыз шаарда кыргызча сүйлөй албай орусча тантырап, тил үчүн мүңкүрөп калат?

- Кыргызстанда 71 пайыз кыргыз жашайт, орустар 9 пайыз. Демек, көпчүлүк жерде кыргызча сүйлөсөк түшүнүшөт. Андан сырткары, 13 пайыз өзбек калкы бар. Өзбек менен кыргыз ортомчу тили жок эле бири-бирин өз тилдеринде мыкты түшүнүп келатышат. Демек, бүгүн Кыргызстанда 84 пайыз эл кыргыз тилинде сүйлөй, түшүнө алышат десек болот. Экинчиден, акыркы эки жылдан бери болуп аткан иш-чаранын натыйжасында орус тилдүү калктын аң-сезиминде чоң өзгөрүү болду, алар айласы жок болсо да Кыргызстанда мамлекеттик тил кыргыз тили дегенди түшүнүштү. Кыргызча үйрөнүп башташты, курстарда окуп. Бирок эң негизгиси, өзүбүздүн "киргиздер" менен иш алпарып, түшүндүрүш кыйын болуп атат. Кыргыз тилине бут тоскондор - кыргыздар арасындагы "киргиздер". Казак президенти "Ана тил" деген гезитке интервью бериптир: "Башка улуттарды казакча үйрөнгүлө деп кыйнабагыла, биринчи кезекте казак менен казак казакча сүйлөшөлү, анан айласы жок башка улуттар бизди ээрчийт" деп ураан таштаган экен. Бүгүн Казакстанда бул ураан катуу колдоого алынууда.

( Бейшенбек Иманалиев (Бишкек): - Тил көйгөйү бизди да тынчсыздандырат. Өзүм курулушчумун, кайда барба: ресторанга кирбе, музыкасынан бери бөтөн. Тилди өнүктүрүш үчүн улуттук комиссия эмес, тил институтун түзсөк кандай?

- Академиянын астында тил институту, И.Арабаев атындагы университетте мамлекеттик тил институту бар. Жетишерлик. Бу жерде күнөө өзүбүздө. Өзүбүз өнүктүргөнгө аракет кылсак, ким ага тыюу салат? Жакында он күндүк жарыяладык, самолетто, кафе-ресторанда, поездде, автобустарда бүт Кыргызстан аймагы боюнча он күн кыргыз музыкасы гана коюлсун деп. Мына ошондо бизди сотко бергендер да бар, "мен англисче музыка уккум келет, адамдык укугумду тебелеп-тепсебегиле" деп. Биз: "Кимдин жерин жердеп, элин элдесең, ошол элдин ырын ырда" деген макал бар, он күн уксаң эчтеме болбойсуң" дедик. Эми сентябрда үч айлык жарыялайлы деп чечтик.

( Акмат Эргешов (Бишкек): - Иш кагаздарын качан кыргыз тилине өткөрөбүз, ушинтип сүйрөлүп жүрө беребизби?

- Республикабыздын беш облусу толук мамлекеттик тилге өткөн, жүрөк өйүткөнү Чүй, Бишкек өрөөнү. 2010-жылга чейин өткөнгө шарт бар, ага саясый эрк, эрдик керек. Бизге артка чегинүүгө жол жок, эч кимден коркпой-үркпөй алдыга жана алдыга, мамлекеттик тилге өткөрүүнү ыкчамдатуу зарыл. Иш кагаздарын 2007-жылдын 1-январынан тартып акырындык менен өткөрсөкпү деген жакшы ой-тилек, максаттарыбыз бар. Ошондой сунуш менен кайрылалы деп атсак, орус тилдүү калктар, айрым "киргиздер" безге сайгандай болуп чуу көтөрүп чуулдап чыгышты. Атургай президентке биздин үстүбүздөн арыз менен кайрылышыптыр. Баары бир мыйзам негизинде өтөбүз. КМШда жалгыз мамлекеттик тилге толук өтө албаган Кыргызстан эле. Мурдагы бийлик орус тилине расмий статус берип айкөлдүк жасап, кыргыз элине чоң чыккынчылык кылган. Азабын тартып, кедергиси дагы эле тийип атат. Биз бүт эл жапатырмак көтөрүлүп, тилге өтүшүбүз керек, ага бөлөк улутту күнөөлөбөй, өзүбүз үлгү болушубуз керек. "Көч бара-бара түзөлөт" демекчи, муз ордунан козголду. Жаңы Конституция жазылып, 11 вариант түштү, анын тогузунда бир гана тил - мамлекеттик тил кыргыз тили болсун деп сунушташыптыр. Аны сиз менен биз, ар бир кыргыз жоопкерчилигин сезип, референдумда колдоп койсок.
- Эмне үчүн эларалык уюмдар жумушка алып атканда англис, орус тилин билиш керек дейт? Эмне үчүн жеке телекомпаниялар кыргыз тилине өтпөйт?
- Бишкекте иштеген чет элдик уюмдар англис, орус тилин билсин дешет, бул кыргыз тилин кордогондук эмеспи деп көп кат, арыздар түшөт. Биз эң туура кабыл алдык, Кыргызстанга келип иштеп, бизнесин өнүктүрүп, байлык топтосун да, анан көпчүлүк калктын тилине ушундай мамиле жасаганына биз да нааразы болуп, республикадагы чет элдик уюмдардын баарына, 78ге жакын жеке менчик телекомпанияларга кат жөнөттүм. "Кыргыз тили биринчи орунда турсун, теле 50 пайызын мамлекеттик тилде алып барсын" дегем, катты жөнөткөнүмө бир ай болду, же жок, же бар деген жооп алалекмин.
- Кыргыз тилин үйрөнөбүз дегендер кайда барса болот?
- Республикабыз боюнча 12 чоң окуу борборлору бар, бир мезгилде 500гө жакын жаранды окутуп, тактык кат бере алабыз. "Тил үйрөнөлү десек, бара турган жер жок" деген курулай шылтоо. Бизде эң сонун методика, аудио-видеокассеталар, мыкты китептер бар.

( Кеңеш Акматов (Балыкчы): - Айыл өкмөтүнөн президентке чейин кыргыз тилинен экзамен берип, анан иштесе болот эле.

- Сиз айткан сунуш мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда жазылган. 2007-жылдын январынан тартып бардык чоң кызматкерлер өз кызматын аткара ала турган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Биз ошону чыдамсыздык менен күтүп атабыз.
- Мектеп, ЖОЖдордо сабактар качан кыргызча өтө баштайт?
- Биз долбоор дайындап, мындай сунуш киргизип атабыз, класстан класска, курстан курска көчкөндө сөзсүз түрдө мамлекеттик тилден сынак берсин. Эгер ЖОЖ же мектеп менчик болсо, алар да ушу ыкмадан сыртта калбашы керек. Мектеп, ЖОЖдо кыргыз тилинен саатты көбөйтүү жөнүндө сөз кылып атабыз. Буюрса, элдин бу тилеги да акырындап ишке ашат. Дагы айтам, баарыбыз жапатырмак тил өнүктүрүүгө киришпесек болбойт.

"Түз байланышты" уюштурган Жылдыз МУСАБЕКОВА
P.S. Кайталанган суроолор, тил комиссиясына сансыз каалоо-тилек, ыраазычылыктарды гезит бети чектелүү болгондугуна байланыштуу толугу менен бере албадык. Бирок сиздердей тилдин анык күйөрмандары, кыргыздын патриот улан-кыздары турганда кыргыз тили эч качан өлбөйт деп ишендирип, баарыңарга ырахмат айтмакчыбыз.




Static Wikipedia 2006 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr -
 
ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext -
fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz -
 
ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky -
la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn -
 
na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt -
qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl -
 
ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh -
yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Static Wikipedia 2008 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -