Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions Жайыл баатыр баяны - Wikipedia

Жайыл баатыр баяны

Wikipedia дан

Өз жерине коюлуп, бөтөн жерде калды…
(текст ушул сайттан алынды..)

Июнь айы жаңырган кезде Жайыл баатырдын сөөгү койулган бейитте болуп, ага куран окуттук. Жайыл ата Аблай канкордун колуна туткундалып, мууздалгандан кийин анын сөөгү Меркенин үстү жагындагы жашыл тоонун этегиндеги чоң дөбөнүн кылда чокусуна коюлган экен. Дөбөдөн туруп караган адамга касиеттүү Чүй алаканга салгандай көрүнүп турат. Жайыл жаткан кабырга аны менен кошо мууздалган эр жеткен эки уулу Үсөн менен Текелер да коюлган. Абылай калмак Таластан бери Чүйдөгү солтолорду кырганда эң эле көп жоокерлер каза болгон. Жайыл көмүлгөн дөбөнү казактар азыр да "кыргыз бейит" дешип, ыйык тутушкандыктан, ал жерге өз сөөктөрүн койушпайт. Кыргыздар болсо, Жайыл жаткан кабырстанды "Ата бейит" деп, үзбөй сыйынып турушкан. Демек Жайылдын көрүстөнүнүн тегерегинде Солтонун башка жоокерлеринин да сөөктөрү бар. Бул чакан макаланы окуган тарыхтан кабары жок адамдар эмнеликтен Жайыл баатыр Казакстанга караштуу Меркенин үстүнө койулган деп сурашы мүмкүн. Анын жөн-жайы мындай: ошол Жайыл баатыр жашаган доордогу кыргыздын жер чегарасы боюнча Сары Өзөн Чүй бүт бойдон Олуя-Атага чейин, андан ары түндүк жагынан Көкчө Деңизге (азыркы Балкаш) дейре солто элинин жери болгон. Ал эми Ташкенден бери Чаткал тоолорунан тартып Чымкент, Талас кошулуп кыргыздын эски уруулары: Катаган, Багыш менен Сарууларга таандык эле. Ошону менен кошо Иледен бери үч Алматы, Кордой бүт бойдон Сарыбагыштар менен Азыктарга таандык болчу. Аталган кыргыз конуштары казак журтчулугуна чамалап алганда 1850-жылдардан кийин өттү. Себеп дегенде, хан Кене менен Норусбай султандар экинчи жолу келип Чүйгө кол салганда казактын орто жүзүнөн чыккан Супатай баатыр кыргыз тарабына өтүп кетип, казактар жеңилип калган. Экинчиден, Супатай баатырдын энеси Алыйман Жайыл баатырдын кызы болгон. Демек, Супатай кыргызга жээн. Чамалап алганда Супатай 1853-жылдары төмөнкү казак чөлүндө каза болуп, анын сөөгүн төөгө жүктөп келишип Чүйдүн жүрөгүн жарып өткөн Жибек жолу деп аталган, азыркы Талас - Бишкек кан жолунун боюнда боз үйлөрдү тиккен соң, солтонун Жангарач бийине кабар беришип: "Сизди күтпөй эле жээниңиз Супатайдын көрүн каза бермекпи?" деп чабарман жибергенде Жангарач билбей туруп дүңүнөн эле макулдугун берип салат. Келсе чөлдө өлгөн Супатайдын көрү кыргыз жерине, жол боюна казылып калыптыр дейт. Мына ошондо Жангарач бий: "Каап, эми кайран жер казакка өтүп кетмей болду" - деп өкүнгөн экен. Анан калса кыргыздар ал учурда Супатай жээнине милдеттүү болуп турушкан. Кыргызга кошулуп, хан Кененин аскерин талкалоого жардам бергени оңойбу? Ал эми үч Алматы менен Кордой тарапты бүт бойдон 1852-жылдары орус администрациясына Ормон хандын уулу Үмөталы өткөрүп жиберген. Ошондо Ормон уулун жемелейт: "Атам билет дебейсиңби, урган. Жер эми казакка өтүп кетпедиби!" Алматынын күн батыш жагындагы Азыктардын түпкү атасы Кашкелең туулган жер азыр Кашкелең ооданы аталат. Кашкелеңдин алкымындагы кыргыздын эзелки жайлоосу Үч-Коңурда Казакстандын азыр­кы президенти Нурсултан Назарбаев туул­ган. Үч-Коңур, Коңур жайлоолору Кичи Кемин менен биригет. Өз доорунда мунун баары кыргыздын жерлеринен эле атаганат. Аблай хан Чүй, Таласка кол салардын алдында Мер­кенин төмөн жагындагы чөлгө кошунда­ры менен көчүп келип, кыргыз бийлерин өзүнө чакы­рып алып акыл салган дейт. Мезгил жаз айы чен экен. Абылай менен кездешүүгө сол­толор­дун бийи Кошойдун уулу Жамансарт, Эрмомонун жана Каба сайагынан чыккан Эр Садыр­лар барбаптыр. Атал­ган кыргыз-казак согушунда Сарбагыштардын негизги баатырлары: Эсенгул менен Атакенин дайны негедир тарыхта көп айтылбайт. Сыйагы, алар ошо кезде Иле менен Текес жакта көчүп-конуп жүрүшкөн окшойт. Атаке жөнүндөгү маалыматты 1856-жылы Кыргызстанга келген Ч.Валиханов берет да, аны "Аблайдын колунан курман болгон" деп жазат. Бул факты тарыхый чындыкка таптакыр коошпойт. Себеп дегенде, Атаке баатыр Аблай согушунан жыйырма алты жыл өткөндө 1796-жылы өлөт эмеспи. Элчиликти Солто элинен Бишкек менен Ныша баштап барат. Аблай менен кыргыздардын согушу жөнүндө кыргыз тарыхы менен санжырасында өтө эле көп маалыматтар калган. Ошондуктан, мен ал жолугушуудагы тартыштын негизги учурларына гана токтолойун. Аблай хан отурган көк жибек чатырга солто-казак бийлери киришип, салтка жараша өз орундарын ээлешет. Аблайдын оң жак капталына Букар жырау отурчу экен. Бардыгы өз орундарын ээлеп бүткөндө, 18 жашар Түлөберди улагада туруп калат. "Сен неге отурбайсың, карагым" деп хан Түлөбердиге кайрылат. "Мен хан отур деген жерге гана отурам" -- деп жаш жигит дароо жооп берет. Түлөберди солтодон чыккан Кошой бийдин небереси, Жамансарттын уулу экенин сурап билген Аблай хан сол колтугундагы бош турган орунга отургузат. Ошентип, бир заматта жапжаш Түлөберди кыргыз баатырларынын баарынан өйдө отуруп калат. Бул жолугушта казак-кыргыз ортосундагы талаш-тартыш көпкө созулуп, бир бүтүмгө келе алышпайт. Аблай болсо, эптеп эле согуш баштоо үчүн кыйкым издеп, силер көк жал Баракты мууздап өлтүрдүңөр, казакка тынчтык бербей улам чаап жатасыңар деп Эр Садыр менен Эр Момоконду күнөөлөйт. Көк жал Барак кыргызга өзү келип катылып, акыры Кочкордо колго түшүп мууздалганын айтышса да Аблай моюн бербейт. Акыры келип, кыргыз-казак бир тууган элбиз, Таласты, Чүйдү, Ысык-Көлдү мага бергиле, бирге жайлап, бир эл бололук деп док урунат. Аблайдын беттырмарлык жалаасына кыргыздар чычалайт. Чогулуштан майнап чыкпай, кыргыз-казак туйукка капталат, ошондо сол колтугунда отурган Түлөбердиге карап: "сен эмнеге сүйлөбөйсүң, балакай?" - дейт хан. Жапжаш Түлөберди "Мен качан хан сүйлө дегенде гана сүйлөйм" - деп жооп берет. Ушул отурган балакайдан бир акыл чыгат деп түшүнгөн Аблай сүйлөгүн деп уруксат берет. Мына ошондо Түлөбердинин чечендиги, акылмандыгы көпчүлүктү таңгалдырат. Жаш жигит казак жери кытай, монгол, Сибирден тартып, Орол, Эдил, жайык дарыяларынан бери орус мамлекетине чейин чектеш жатканын айтып, эми биздин кыпындай Ала Тообузга кызыгасызбы деп күнөө койот. Андан ары ырасында казак-кыргыз бир тууган эгиз эл, чынында кыргыз силердин түпкү атаңар болот деп келип, бир туугандардын жайлоо-жайыты, кыштоо-күздөөсү бөлөк болот деп бүтүм чыгарат. Ошондо сексенден ашкан Букар жырау: "Кудай силерге бейиштей жерди берип койсо кантебиз. Бу Аблай канкорго эл керек эмес, жер керек" - деп чындыкты бетке айтат. Ошо бойдон эки тарап келише албай тарап кетишет. Аблай канкор кыргызга Таластын төмөн жагынан кол салат. Тарыхта калган маалыматтарга тайансак: "Аблайдын кошунунда 25-30 миңдей колу болгон. Жайыл баатыр менен Эр Сардардын колу 5-7 миң чамалаш деп айтылат. Биринчи салгылашта эле кыргыздан 2 миңче адам өлүп, Эр Садыр баласы Сейит экөө колго түшөт. Жайылдын колу Чүйдү көздөй чегине баштайт. Ошол эле күнү Аблай канкор Эр Садыр менен уулун мууздатып өлтүрөт. Анын сөөгүн саруу кушчу, кытай-багыштар сурап алып капканын төмөн жагындагы дөңгө койушуп, чоң күмбөз салышкан. 1949-жылы Эр Садырдын күмбөзүндө болуп, окумуштуу Абрамзон аны изилдеп кетип, ал доордогу кыргыздарда уруучулукка караганда, улуттук аң-сезим күчтүү экен - деп жазат. Аблай канкорду жеңүүгө күчү жетпесин сезген Жайыл баатыр анын көп сандаган аскерине каршы айла-амал менен согушат. Буктурмаларга колун катып, каплеттен чыга калып качырып, кээде бөрү жүрүш менен качкан болуп, көбүнесе түн ичинде чабуулга өтүп, кези келгенде чегинип коюп жүрүп отурат. Солтолор Кара Балтага жетпей Чоң Ойронго келип түнөгөндө Таластын башын ашып Жайылга жардамга келаткан Саруу-Колпочтордун колу түн ичинде от чыккан жердеги кошун Жайылдыкы экен деп, өздөрү Аблайдын колуна кабылып калышат. Аблай душманымды багалбайм деп алардын бирин да соо койбой кырып салат. Ошондон улам: "Колпочтун колу коркоктугунан жыгылды, Солто баатырлыгынан кырылды" деген эл ичинде макал калган. Чоң Ойрондо өткөн майданда Солтолор дагы бир жолу сокку жеп, колунун саны азаят. Ошо бойдон Жайыл Ысык-Атага чейин чегинип келет. Жайыл баш болуп, эл-журт кеңешип отуруп, майда балдар, катын-калач, мал-жандыктарды бүт бойдон улуу тоолордун койун колтугуна катышып, аларга Бишкек баатыр менен Жайылдын тун уулу Асанды башчылыкка дайындатат да, кайрадан согуш камын жешет. Бишкек менен Жамансарт, Жутмалар кошун үчүн азык-түлүк камдоонун чарасын көрүшөт. Ошондо Жайыл баатыр башында туруп, ата-журтту жоого бергенче акыры жумуру башка бир өлүм - дешип касам ичишет. Чечүүчү майдан Ысык-Атанын Кызыл-Суусунан бери азыркы Канттын үстүндөгү түзөңдө өтөт. Ал майданды академик Бартольд менен Ч.Валиханов согуш тили менен "генеральное сражение же Жайыл кыргыны" -- деп аташкан. Эки жоо беттешердин алдында Жайыл баатырдын байбичеси Темиржан эне жайдак бээни минип, ак дамбалын эки баканга илип алып: "Ушу менин дамбалымдан ары өткөндүн баары катынсыңар" - деп кыйкырып турган дейт. Муну көргөн жоокерлер "Манастап" ураан чакырып, жоону тике качырып чыгышат. Чоң Айылчы менен Бала Айылчылардын жазып кеткенине караганда эки күнү катары менен кырчылдашуу токтобой, үчүнчү күнү гана солтолор толук кырылып, Жайыл баатыр иниси Эр Момокон болуп, балдары менен колго түшөт. Согушта Жайыл баатырдын эки буту талкаланат, ал эки бутун таңдырып алып, улам ат которуп минип, тынбай согушат. Жайыл Аблайдын колуна түшкөндө - согуш майданында тирүү адам калбаптыр. Солтонун эр жигиттери бүт бойдон көкүрөгүнө найза жеп каза болушат. Өлгөн жоокерлердин арасында эркекче кийинген кыз-келиндердин да сөөгү чыккан дешет. Бул "Жайыл кыргынында" 40 үйлүү гана солто аман калган деп жазат Ч.Валиханов. Абылай канкордун кысымы менен колго түшкөндөрдү өлүмгө буйрушат. Абылай менен Жайылдын кыргыны жөнүндө казак адабиятында эң көп ырлар, уламалар, поэмалар сакталып калган. Ал тургай Жайылдын Атаке баатырга тийген кызы Бегимжандын кошогу да бар. Баса, белгилей кетчү жагдай Бегимжан менен Атакенин кызы Акшайымдан Балбай баатыр туулган. Ошол учурда улуу Жүз казагынын ичинен Абылайдын өтө ишенген, жакшы көргөн баатырларынын бири 37 жаштагы Жоогач болгон. Ал аралаш көчүп жүргөндүк кылып, ар дайым кыргызга жан тартчу экен. Ал Абылайдын алдына келип: "Акыреттик досум эле деп Эр Момокон менен Жайылдын дагы бир уулунун канын сурап алат. Буларды түн ичинде келип Жайылга айтса, Эр Момокон Жайыл агам элдин башы, менин ордума Жайыл аман калсын дейт. Жок, сенин каныңа сабын боло албайм, мен пайгамбар жаштан өттүм, деп Жайыл макул болбойт да, анан үч уулуна: "Кана, кимиңер аман каласыңар?" деп суроо салат. Үсөн менен Теке, бизден тукум калды, Итике болсо жаш, араң эле 15ке чыкты, Итике аман калсын дешет. Жайыл отурган боз үйдөн чыгар замат Жоогач баатыр Итикени четке алып чыгып, казангап менен жаап коюп, Момоконду чектен чыгарып келип, кайра Итикени учкаштырып алып качырып кетет. Эртеси күн чыга электе Жайыл баатыр башаттын муздак суусуна даарат алып, эки уулуна кайрат айтат да: "Эй, Абылай калмак, күн чыга электе башыбызды ал, биз даярбыз" деп, дөңгөчкө барып, өзү мойнун тозгон экен кайран эр. Бишкек менен Ныша баатыр ак желек көтөрүп, Абылайдын кошунуна жетип келишсе, баатырлар өлүп жаткан болот. Тигилерге сез көрсөтүш үчүнбү, айтор Абылай канкор: "Булардын да башын алгыла" деп буйруйт. Ошондо Бишкек баатыр: "Абылай канкор, илгери мындан 40 жыл мурда (1733) экөөбүз катар жүрүп Анархайда Галдан Чейренди кууп чыкканбыз. Анда мен Бишкек туу жыгар атангам. Сенин анда Абылай аталып атың чыкты, болбосо, ага чейин Абылмамет төрөнүн төөсүн кайтарган кул эмес белең" дейт. Элчиге өлүм жок, анын үстүнө күн көзүн көргөн суукка тоңбойт, хан жүзүн көргөн өлбөйт деп Ныша сөзгө аралашат. Абылай, сен менин агам Кенженин колуна туткундалганда он сегиз жашта элең. Жаныңды мен аман алып калгам, менин 13 жашар карындашым Жакшылык сага каймак уурдап берип баккан. Ошол Жакшылык азыр Жаманcарт бийдин байбичеси, 18 жашар Түлөберди аман калды, ал дагы Жакшылыктан туулган дейт. Билем, сенин колуңдун салаалары биригип турат, каз таман, ошондуктан атыңды Нышан койушкан, сен ыйыксың, сага өлүм жок деп келип Бишкекти карайт. Бишкек баатыр, сен далай жолу мени өлүмдөн аман сактап калгансың. Сен эми жол бойуна Караван сарай салып, элден сооп алып жатыпсың, сага да өлүм жок, деп баатырлардын сөөгүн төөгө жүктөтүп кыргыздарды кое берет. Калган кыргыздар чогулуп, азыркы дөбөгө Саганга көр казып, Жайылды балдары менен чогуу койот. Акыры жүрүп кыргыздар менден өч алат деп чоочулаган Абылай хан Жамансарттын уулу 18 жашар Түлөбердини өзү менен кошо "ак үйлүү" кылып ала кетип, ага казак султанынын кызын алып берет. Ак үйлүү (аманат) кеткен Түлөбердинин жанында Бишкек эки жылча жүрүп келет. Түлөбердинин казак султанынын кызынан Байтиктин атасы Канай менен Жангарач бийдин атасы Эшкожо туулат, деп жазат тарыхчы Б.Солтоноев. Жайылдын урпактары Бишкек шаарынын мэри А.Ногоев, генерал-лейтенант Б.Субанбеков, профессор А.Кангелдиев жана М.Сегизбаевдер болуп баатырга куран окуттук да, мен ушул тарых кайрыктарын эске салдым. Быйыл Жайыл баатырдын туулганына 300 жыл толот. Мен ойлойм: Жайылдын юбилейин президентибиз башында туруп, элдик майрам катары кеңири планда өткөрүшүбүз зарыл. Улуттук идеологиянын башаты Жайыл сыяктуу ата мекени үчүн жанын кыйган адамдардын рухуна сыйынуудан башталат. Менин угушумда баатырдын айрым бир колунда бар урпактарынын бири анын сөөгүн Кыргызстанга алып келебиз деп жатыптыр. Антүүнүн кереги жок, себеп дегенде баатырдын сөөгү ата-бабасынын эзелки жеринде жатат. Андан көрө, Жайылдын кабырына граниттен чакан гана белги койуш ылайык. Жайылдын руху ыйык, ата-журтту коргоонун классикалык үлгүсүн көрсөткөн эр адам, кыргыз эли турганда анын ысмы эч качан тарыхтан өчпөйт. Илгери айтылган ойумду дагы бир жолу кайталайм: Жайыл уруу баатыры эмес ал улуттук баатыр.

А.Стамов, Кыргыз эл жазуучусу


Киргизген: Жаныбек Жанызак

Static Wikipedia 2006 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr -
 
ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext -
fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz -
 
ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky -
la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn -
 
na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt -
qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl -
 
ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh -
yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Static Wikipedia 2008 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -