Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions Алманбет - "Манастагы" алгачкы моджахед - Wikipedia

Алманбет - "Манастагы" алгачкы моджахед

Wikipedia дан

 Деми сактын дени сак..


Түптүү "Манас" эскертет - эсиңди жый, калайык…
"Идеология" деп какшап жатпайбызбы. Ошону дем дейбиз.
Реформачылардын "жеңиштеринен" кийин, менимче, кыргыз демине бираз доо кеткенсиди. "Вечерний Бишкектин" айтымында, алиги конституция дегенибизден мамлекеттин динден тышкарылыгы алынып калыптыр. "Ким алды?" десе төрага Султанов мырза "консенсуска келели" деп кутулган экен...
Ошол эле кечээгүнү Кабай Карабеков караманча сүйүнүп алыптыр: "Эми кошжарандуулукту кабыл алдык!" деп.
Антсе көрүнүктүү юрист "сооротуп" салбадыбы: "Мисалы, 5 млн кытай "кыргыз жарандыгын алабыз" десе, анда бир мөөнөттөн кийин кытайдан президент шайлайт экенбиз да" деп...
Алманбеттин таржымалын билбесек, мунусуна да макул дейт белек.

1. Атасын өлтүрүп..
Интернетке кыргыз энциклопедиясын киргизсем деген ниетте, КСЭ чыгарган "Манас" энциклопедиясынын эки томдугун сатып алдым эле. Анан күндөрдүн биринде "Алманбет" деген теманы окуп калдым..
Түй иттики!..
Негизи, ар бир кыргыз баласы китептерден атайылап окубаса деле Манас демин жалпы жонунан жатка билет десек болот. Алманбет баатыр кыялымда азыр теңирчиликти колдоп-колдой албай жүргөн Абдыкерим Чолпонкулов жердешимдин тээ балагездери айдын жарыгында "кылыч" ойноп чарчаган, бизге берилип төгүп берген баянында ажайып-залкар, бираз уяңыраак, адамгерчиликтүү, сыйкырчы, сезимтал чоро бойдон калып келиптир да. Кийин Ашым аке Жакыпбековдун "Теңири Манасы" жарык көрүп, ал жерде да Алма баатыр аябай шөкөттөлүп, ордодон адилетсиз куулгандай көрсөтүлүп, анан айла жок казактын Көкчө баатырына барып, анан аерден Манаска кеткен делинет.
Эми бу кургуруң, көрсө, Алмамбет эмес эле, Аль Мухаммад деген араб сөзүнөн келиптир да, капырай! Энциклопедия ошентип жатпайбы. Айтам да…
Ырас, жылмалай берсек болчудай, бирок кыргыз генийи болочок урпактарына Аль Махамбет икаясын бекеринен сайраган эместир, жөн эле тартуулай бербесе керек. Мында кандайдыр бир катылуу сыр бар окшойт, эскертип кетейин дедиби же...
Анда бири-бирибизди алдейлеп-эркелете бербей, Саякбай Каралаев залкардын айтымындагы вариантка көңүл бурсак, жогорудагы Аль Махамбет Азизхандан делгени менен, энеси Алтынайга шумдук керемет жар болуп, Азизханга катын болоордон үч ай мурда боюна нурдан бүтөт экен...
Кудум Ыйса Теңирдин тарыхындай башталат тура: мында да Бүбү Маржанын боюна нурдан бүтүп, болочок күйөөсү Жусуп аз жерден "албайм" деп айнып кетээрде Теңирим өзү жар болуп, периштесин жиберип жатып ажыраштырбай аман сактап калат эмеспи..
Биздин Алтынай болсо бираз айлакерлик кылып, карыган чалын алдап, "ара" төрөлгөн баласын атасы Соорондукка бактырат экен тогуз ай бою..
Нурдан бүткөндүн баары тең апакай болуп чыга бербейт экен, окурман акеси. Теңирим бу жалганды бирин кара, бирин ак, бирин акай же бакий кылып жаратат окшойт. Алтынайдын тарыхын окуп келатып: "нурдан бүткөн.." деген жеринде бу шумдукту мен Ыйса Теңир түспөлдөтүп элестетейин дедим эле да Абдыкерим жердешим менен Ашым акенин "Теңири Манасынан" кийин. Жок, андай болбоду. Залкар Саякбайдын ачуу чындыгы Аль Махамбетти ал эресеге жеткенде мээсине доо кетирип, динин саттырат. Анан атасы менен талашка түшүрүп, ошол жерден өз атасын өлтүртүп салат..

2. Манаска тирек болоорбу?..
Безип жүрүп отуруп, Аль Махамбет кайырдин адегенде кең дала казактын кан Көкчөсүнө келет экен дедик го. Бирок баурдасымыс бу сумурайдын ким экенин билип кап, дарө куып шыгады каласынан..
Кайран кыргыз Манас Атам баш болуп ошо кезден эле Айкөл экенбиз, эй. "Тек жайын таштап неге качты, атасын өлтүргөн безери бөтөн элди жарытабы же жокпу, урпагы барып акыры Нурсултан болорун билген Көкчө хан бу тентимишти бекеринен куубаган чыгар?!" деген ойду калчабаптыр да Бакай Ата. Элес албаптыр. УККаң деле ошогезде алигисин көрсөткөндөн башканы билбесе керек, чагымда. Бир Чубактан башкасы бирөөсү да кың этпей кабыл алып, атургай келгин кушка алдемедей аскерин баштатып, нечендеген айгырын астына туура тартса керек.
Эми-и, ошончо келгенден кийин, ошончо сыйды көргөндөн кийин, не бир уруулар баткан кыргызга бир Аль Махамбет деле батып кетет эле го. Бирок бу шумдук тамбовский волк турбайбы, өз токоюн самай берген. Эптеп бирөөнүн колу менен тактыга жетип тынайын деди го. Өз элин чындап кырайын десе керек...
Алиги Көкөтөйдүн ашында кан Кошоюбуз кан Жолоюн торойто чапса, бозого тоюп алган Коңтөрө катуу жаңжал чыгарып, акыры Манаска чыдабай айылына кире качканда, Аль Махамбет куу түлкү жагдайды жула тартып, чатакты чындап ырбатып, акыры аңкоо чалыш Атабызды Чоң Казатка азгырып тынды..
Түй ата-аа! Күйбөгөн жериң күл болот, эй! Мейли, Алтайдан бери алаамат салып келгениң дурус, Манас Ата. Акыры, алдырган Талас жериңди кайтардың да өзүңө. Бирок кылкылдаган Кытайга кайсы шайтан азгырды?! Суутуп коюптурбу дейм да..

3. Алмустактын моджахед..
Аль Махамбет түбүңө жетти сенин.
Ал суволуш өз динин сатып, Азизкан атасын өлтүргөнү жетпей калгансып, Айкөлүбүздү кырк чоросу менен кошо жайлады. Жайрады кыргыз ошондо..
Семетей калды түтөгөн чоктой.
Алмамбет сындуу
Башмыйзам кургур..
Кыргыздын Деми , сактайгөр..

Жаныбек ЖАНЫЗАК





Тџпнускасы: ["Энесай" гезитинде - http://newskg.narod.ru/en/06/1115_6.htm]

Static Wikipedia 2006 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr -
 
ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext -
fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz -
 
ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky -
la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn -
 
na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt -
qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl -
 
ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh -
yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -

Static Wikipedia 2008 (no images)

aa - ab - af - ak - als - am - an - ang - ar - arc - as - ast - av - ay - az - ba - bar - bat_smg - bcl - be - be_x_old - bg - bh - bi - bm - bn - bo - bpy - br - bs - bug - bxr - ca - cbk_zam - cdo - ce - ceb - ch - cho - chr - chy - co - cr - crh - cs - csb - cu - cv - cy - da - de - diq - dsb - dv - dz - ee - el - eml - en - eo - es - et - eu - ext - fa - ff - fi - fiu_vro - fj - fo - fr - frp - fur - fy - ga - gan - gd - gl - glk - gn - got - gu - gv - ha - hak - haw - he - hi - hif - ho - hr - hsb - ht - hu - hy - hz - ia - id - ie - ig - ii - ik - ilo - io - is - it - iu - ja - jbo - jv - ka - kaa - kab - kg - ki - kj - kk - kl - km - kn - ko - kr - ks - ksh - ku - kv - kw - ky - la - lad - lb - lbe - lg - li - lij - lmo - ln - lo - lt - lv - map_bms - mdf - mg - mh - mi - mk - ml - mn - mo - mr - mt - mus - my - myv - mzn - na - nah - nap - nds - nds_nl - ne - new - ng - nl - nn - no - nov - nrm - nv - ny - oc - om - or - os - pa - pag - pam - pap - pdc - pi - pih - pl - pms - ps - pt - qu - quality - rm - rmy - rn - ro - roa_rup - roa_tara - ru - rw - sa - sah - sc - scn - sco - sd - se - sg - sh - si - simple - sk - sl - sm - sn - so - sr - srn - ss - st - stq - su - sv - sw - szl - ta - te - tet - tg - th - ti - tk - tl - tlh - tn - to - tpi - tr - ts - tt - tum - tw - ty - udm - ug - uk - ur - uz - ve - vec - vi - vls - vo - wa - war - wo - wuu - xal - xh - yi - yo - za - zea - zh - zh_classical - zh_min_nan - zh_yue - zu -